Бишкекте коомдук унааны күтүп тургандар үчүн аялдамага Wi-Fi орнотулду

Бүгүн, 18-июлда Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага Wi-Fi орнотулду. "Акылдуу аялдамалар" долбоорунун алкагында интернет шаар тургундарына жеткиликтүү болуш үчүн орнотулган. "Акылдуу аялдамалар" долбоорунун максаты - коомдо маданиятты өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдүн коомдук унааларга түшүп-чыгуусун бир гана аялдамаларда тейлөөнү көнүмүш адатка айлантуу. Интернет менен камсыз кылуу жабдуусу бир убакытта 100дөй колдонуучуну тейлей алат. Бул тууралуу аталган долбоордун автору Курманбек Жаанбаев билдирди.

"Аталган долбоорго Бишкек шаарынын жетекчилиги кызыкдар болсо, долбоор мындан ары жайылышы мүмкүн. Биздин демилгелүү топ кызыкдар жактар менен "Акылдуу аялдамалар" жана "Коопсуз шаар" долбоорун талкуулоого даяр", - дейт Курманбек Жаанбаев.

Долбоордун уюштуруучулары Кирилл Алякин, Курманбек Жаанбаев

Ал эми долбоордун дагы бир уюштуруучусу Кирилл Алякин буларга токтолду:

"Дүйнөдөгү Нью-Йорк, Дубай, Москва сыяктуу көп шаарлардын көчөлөрүндө бекер Wi-Fi кызматы орнотулган. Эмне үчүн Бишкек шаарында да орнотууга болбосун деп ойлодук. Жыйынтыгында бүгүн өзүңүздөр көргөндөй, Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишине Wi-Fi кызматы орнотулду. Бул биринчи жай. Жакынкы убакта дагы башка аялдамаларга орнотууну пландап жатабыз".

Жигиттердин мындай демилгесин колдоп келгендердин катарында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да болду. "Азыр интернетте өздөрү эч нерсе жасабай, көрүнгөндү талкуулап, сын айткандар бар. Ал эми Кирилл, Курманбек сыяктуу көптөгөн активист жигиттер мамлекетке кантип пайда келтирүү тууралуу ойлонушат. Мына бүгүн ушундай активист жигиттердин демилгеси менен Wi-Fi орнотулду. Бул башаты гана. Эми келечекте алар акырындап аялдамаларга камераларды, электрондук такталарды, пайдалуу китептердин, сайттардын тизмесин илүүнү пландап жатышат. "Акылдуу аялдамаларды" көбөйтүү шарт. Мындай нерсе, албетте, кылмыштуулуктун алдын алат. Коомго пайда келтирет. Биз мындай балдарды колдоп, үлгү катары көрсөтүшүбүз керек. Андыктан бүгүн жигиттерди колдоо максатында келдим", - деп билдирди Жанар Акаев "Акылдуу аялдамалар" долбоору тууралуу.

Wi-Fi`дын аталышы - Smart_Bus_Stop.

Андан соң "greenlight" деген жазуу чыгат. "Туташтыруу" дегенди басуу керек.

Кызматты пайдалана баштаган интернет колдонуучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Kroxa
2016-07-18 22:35:06
Кыйратыптыр мунусу жакты паркка да койсо жакшы болмок фонтанга да койуп койгула эми очпос оттун жанында да болсо...
-7
Aitbek0101
2016-07-19 00:29:28
Kroxa, а сен озун не кылып кыйраттын айтчы ? олко учун не кылып жатасын?
+6
Kyke08
2016-07-19 10:37:39
Aitbek0101,өлкө үчүн өчпөс оттун жанында „романтикалуу ужин” өткөрүп жатат :)))
0
Meerman
2016-07-18 23:14:33
Teskeri zaman. Janar Akaev koldoi turgan nerseni koldoboi kereksiz nerseni koldoisun da kyiamatta saga ushul wifi jardam berebi saga. Emne paidasy bar anyn adamdarga.
0
pixel2015
2016-07-18 23:48:53
Эу эл журт Жанарды колдойлу балким бирдемке чыгаар!!!
-2
janaika-95
2016-07-19 00:21:49
Аялдамага эмес парктарга койсо болмок.
+2
Jyrgal_msk
2016-07-19 00:54:49
Айланайындар шаарда безлимит интернет менен кире беришет wi-fi жок эле.Айылдарга интернет жеткизгилечи.Даже телефондор жакшы тартпайт.
+6
elmurat.kg
2016-07-19 01:06:30
жакшыле мен мисалы кайсы жерде турганымды билбей калам жакындале бишкекке келдимле...анан карта GPS жандырайн каерделигимди билейн деген учурда керек болоткен...жана башка убактарда деле...негизи бизге эчнерсе жакпайт...
0
gumaomar
2016-07-19 02:46:24
сперва надо нормальную остановку, а потом уже вай-фай
+2
Sofy
2016-07-19 07:58:39
gumaomar, Podderzhivayu na 100%!
0
teletz-1987
2016-07-19 07:33:14
Ичи куйгон, коро албаган, ичи таар адамга эле тоскоолдук болбосо, калгандары колдойт. Башка мамлекеттерде бул демилге зыян, тоскоолдук алып келсе анда бир жон.
0
Mirbek1993
2016-07-19 08:15:00
Айылдарга да ушундай кучтуу интернет алып келсе жакшы болот эле мисалы Ала-Бука району Жой Белент айлына.
0
Altynbekakyn5
2016-07-19 08:52:28
Жанып турганда вай файым.
Жалпыңа салам айтайын.
Жалжаңдап тура бербезтен.
Жаңы конушка кайтайын.
Жаштарга жакшы шарт түзгөн.
Жанарга рахмат айтайын.
Бир балээ баштап турат экен.
Бул бала өзү ай сайын.
Алтынбек Эгембердиев.
+6
aziziko
2016-07-19 09:26:07
Бизге эч нерсе жакпайт ошол учун онукпойбуз
+1
Labadax
2016-07-19 09:33:30
Ош базарына да орнотуп коюшса жакшы болмок,соода жокто интенет чукулап турганга.
+2
asiana
2016-07-19 10:15:22
Жакшы Сонун долбоор айрыкча студентерге 100% колдош керек,бекер вайфай орнотуп берсе да жакпайт анча мынча колунан п.. келбегендер сындатып эле койсо.
0
koshterek
2016-07-19 13:22:26
Maga jakty bul ishiner molodsy bizge wifi bul jakta tursun internet 3G tushurup bere albaitatko beelin & megacom yldamdyk voobshe jok nachar alabuka
0
Kani1994
2016-07-20 03:22:45
ансыз деле ЭЛ-ЖУРТ интернеттен чыкпайт,эми КУДАЙ БЕРГЕН турбайбы...эмнеге кечиктиң десе?жолдо пробка же маршрутка жок деп коюп,өзү аялдамада интернетте отуруп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан