Ачык асман алдындагы скульптуралар музейин жаңылоо аракеттери жүрүүдө (фото)

Ачык асман алдындагы скульптуралар музейи борборубуздун так ортосунда 1984-жылы ачылып, 12 кесенин элесин берген фонтан курулган. Эл аралык Кыргыз скульпторлор симпозиумунун катышуучулары өзүнүн эмгектерин шаарга белек катары берип, алар аталган музейге орнотулган.

Айкелдердин орнотулганына быйыл 32 жыл болуп, кээ бир айкелдер өзүнүн баштапкы кейпинен ажырап, элестүүлүгүн жоготсо, кээ бири жыл өткөн сайын өңүнө келип көөнөрбөс мурас экенинен кабар берип тургансыйт. Шаарыбыздын тургундары жана меймандары дал ушул жерде сейилдеп баратканда каралбай калган айкелдердей туюлат. Ачык асман алдындагы скульптуралар музейи Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын алдындагы Музейлер дирекциясына караштуу. Дирекция жыл сайын айкелдерди тазалап, калыбына келтирип турарын Ачык асман алдындагы скульптуралар музейинин жетекчиси Самат Өскөнбаев билдирди.

“Тарых жана маданият жылына карата Ачык асман алдындагы скульптуралар музейин оңдоп-түзөөнү жана жаңыланууну пландаганбыз. Бүгүн келип архитекторлор менен биргеликте жаңылатуунун жолдорун издеп жатабыз, себеби бул скульптуралардын көбү доломит аттуу материалдан жасалгандыктан, аны жөнөкөй таштардай жөн эле жууп коюуга мүмкүн эмес. Мындан тышкары актап же боёш керек десек баштапкы көрүнүшүн жоготуп, скульптордун оюн көрүүчүлөр түшүнбөй калышы мүмкүн. Бирок башка жумуштар аткарылды, мисалы, айкелдердин алдындагы табличкалардын көбү сынып же уурдалган, алар жаңыланды, айкелдердин ажырап же сынып калган бөлүктөрү калыбына келтирилди жана жаштар чиймелеп, жазып кеткен жерлери тазаланды”, - деди Самат Өскөнбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rahim76
2016-07-19 13:15:36
Бишкек эстеликтер борбору .Ким кандай тушунот бизде ото эле коп санда эстеликтер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан