Казакстандагы окуяларга байланыштуу өлкө аймагындагы тиешелүү мекемелерге күчөтүлгөн тартипте иштөө тапшырмасы берилди

Казакстандагы окуяларга байланыштуу өлкө аймагындагы тиешелүү мекемелерге күчөтүлгөн тартипте иштөө тапшырмасы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Казакстандагы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бардык терроризмге каршы субъектилери, министрликтери жана ведомстволорго өлкөнү коргоого терроризмге каршы күчөтүлгөн чараларды көрүү тапшырмасы берилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Айта кетсек, бүгүн Алматы шаарында орун алган атышуудан кийин Кыргыз Республикасы-Казакстан чек арасындагы көзөмөл пункттары күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүүгө өттү. Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев: "Алматы бизден алыс эмес жайгашкан, андыктан биз көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
beka1207
2016-07-18 18:43:33
Албетте коопсуздук баарынан биринчи болууга тийиш.
Бекем болушу керек бийлик
+3
semo
2016-07-18 19:16:43
Кудай сактасын урушу жок тынч еле жашайлы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан