Бишкек шаардык кеңеши балдар үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өткөрүлгөн акцияга Түштүк Кореянын коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты. Иш-чарага катышкан өкүлдөр балдар үчүн белектерди тапшырышты. Мындан сырткары балдар үчүн атайын окуу өткөрүлдү. Ал эми катышуучуларга Кореянын улуттук сүрөттөрү жана тамак-ашы тартууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгында кореялыктардын улуттук аспаптары ойнолуп, концерттик программа көрсөтүлдү.