Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда Биринчи Май районунун Жашы жете электер инспекциясында каттоодо турган балдар жана өспүрүмдөр арасында Спартакиада башталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кичи футбол, таяк тартыш, сууда сүзүү, бука тартыш, дартс, стол үстүндөгү теннис болуп жалпысынан спорттун алты түрү боюнча таймаштар өтүп, 200дөй бала катышууда.