11-17-июль аралыгында Швейцариянын Цюрих шаарында "XLVII International Physics Olympiad (IphO)" деген аталыштагы физика предмети боюнча Эл аралык олимпиада болуп өттү. Анда Кыргыз жеринен барган окуучулар куру кол кайтышкан жок. Бул тууралуу “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинен бүгүн, 18-июлда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жеринен барган команданы Азамат Мырзабеков (“Себат”), Алымбек Сагымбаев (“Себат”), Нурбек Байзаков (“Себат”), Артур Садиков (“Себат”), Михаил Губарченко (Бишкек шаардык №61-мектеп) сыяктуу окуучулар түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Кадамжай лицейинин окуучусу Артур Садиков 3-орунду ээлеп, коло медалга татыктуу болду.
Кошумчалай кетсек, бул олимпиада (International Physics Olympiad) 1967-жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 5 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен чакырылат. Олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында физика предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет. Аталган жарышка быйыл дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн окуучулар катышты.