Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда жогорку окуу жайларга гранттык негизде окутууга кабыл алуунун 1-туру аяктап, жыйынтыгында гранттык орундардын 53 пайызы толгондугун кабарлады.
Жалпысынан сынакка катышууга 26 миң абитуриент жолдомо алып, республикабыздын мамлекеттик ЖОЖдоруна 5426 гранттык орундар бөлүштүрүлгөн. Ал эми бүгүн, 18-июлда ЖОЖдорго гранттык негизде окутууга кабыл алуунун 2-туру башталды. Жалпысынан 2-турда 2322 гранттык орун бөлүнгөн. Быйылкы жылга салыштырмалуу 2014-жылы биринчи турда 47 пайыз гранттык орун толсо, 2015-жылы 49 пайызы толгон. Эске салсак, 2-тур 23-июлга чейин уланып, ал эми 3-тур ушул эле айдын 25-30-июлдарына чейин өткөрүлөт.