ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: Мындан 20 жыл мурун “Атланта-1996” Олимпиадасы башталган

1996-жылы 19-июлда Олимпиада оюндарынын тарыхында эң көп спортчу катышкан “Атланта-1996” Олимпиадасы АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында башталган. XXVI Жайкы Олимпиада оюндарына 197 өлкөдөн 10 320 (6797 эркек, 3523 аял) спортчу катышкан. Анда спорттун 26 түрү боюнча медалдардын 271 комплекти ойнотулган. Олимпиада оюндарын АКШнын 42-президенти Билл Клинтон ачып, ал эми Олимпиада отун таанымал боксчу, көп жолку Дүйнө чемпиону Мухамед Али колу калтыраганына карабай жандырган. Жабылуу аземи 1996-жылдын 4-августунда болгон.

19-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан