Саламаттыкты сактоо министрлигинде министр Талантбек Батыралиев Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Адаттагы жолугушуулардан айырмаланып бул жолугушуу кыргыз тилинде жүргүзүлдү. Делегациянын курамында Норберт Нойзер – Европарламенттин депутаты, репродуктивдүү ден соолук маселеси боюнча жумушчу топтун мүчөсү, сенатор Флориан Дорель Бодог – Румыния Сенатынын мүчөсү, Саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, Амая Арреги - Басков парламентинин мүчөсү, Ивон Фери – Швейцария Улуттук кеңешинин мүчөсү, Тулай Кайнарка – Түркия Улуу Улуттук кеңешинин мүчөсү болду", - деп айтылат маалыматта.
Делегациянын максаты Кыргыз Республикасындагы репродуктивдүү ден соолук, анын ичинде аялдардын, балдардын, өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча маалымат алуу болуп саналат.
"Депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана тиешелүү тараптар, ошондой эле жергиликтүү саламаттык сактоо өкүлдөрү менен жолугушуп, аталган тармактагы көйгөйлөр, социалдык факторлор, гендердик маселелер жөнүндө маалымат алгыбыз келет", - дешти делегация өкүлдөрү.
Өз кезегинде министр Кыргыз Республикасы бул чөлкөмдөгү демократиялык жолду тандаган жана саясий жактан туруктуу өлкө экенин белгилөө менен Европарламенттин репродуктивдүү ден соолук маселесинде Кыргыз мамлекетине көңүл буруусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
"Аялдар, өспүрүмдөр, ымыркайлар өлүмү бир эле социалдык абалга байланыштуу эмес, өлкөдө аялдардын социалдык абалы начар деп айтууга болбойт, дээрлик баары билимдүү. Бул көйгөй эң ириде экономикадан көз каранды. Дени сак бала дени сак энеден төрөлөт. Энелерге медициналык жардам көрсөтүү системи да бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Тиешелүү адистик боюнча жогорку медициналык билим алуу мөөнөтү да замандын талабына жооп бербейт. Ошондуктан адистерди Евростандартка ылайык даярдамайын өнүгүү болбойт", - деди министр.
Европарламенттин бул багыттагы сунуштарын колдоодо жергиликтүү өзгөчөлүктөрдүн сөзсүз эске алына тургандыгы, ошол эле учурда медицина дүйнөнүн бардык жеринде бирдей экенин кошумчалады.