ЖЫЛНААМА, 19-ИЮЛЬ: Бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко 45 жашка толду
Украиналык мушкер, профессионалдык бокс боюнча супер оор салмакта WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган Виталий Кличко бүгүн, 19-июлда 45 жашка толду. Мушкер 1971-жылы Чүй облусунун Беловодское айылында туулган. Анын рингдеги каймана аты - Темир муштум (Железный кулак).
Виталий Кличко профессионалдык бокс дүйнөсүнө 1996-жылы аралашкан. 1999-жылы 25-мушташын өткөрүп, WBO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталган. Андан туура бир жыл өткөн соң Крис Бёрд менен болгон беттеште утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган. 2005-жылы чоң спорттон кеткенин расмий жарыялаганы менен, бокс дүйнөсүнөн толугу менен кеткен эмес. Акыркы беттешин ал 2012-жылы 8-сентябрда өткөргөн.
Мушкер профессионалдык рингде 47 беттеш өткөрүп, 45 ирет жеңүүчү аталган. 2 беттеште ал жеңилүү ызасын тарткан. Алгачкы жолу ал 2000-жылы америкалык мушкер Крис Бёрдго утулган. Бул беттеште ал далысынан алган жаракатынан улам 9-раунд аяктаган соң беттешти уланта алган эмес.
Кличконун кийинки жеңилүүсү 2003-жылдын июнь айына туура келген. Ал британиялык мушкер Леннокс Льюиске каршы туруп, техникалык нокаут менен утулуп калган. Беттеште Виталийдин кашы жарылып, кан токтобой койгон. Беттеш дарыгерлердин аралашуусу менен 6-раунд аяктаган соң токтотулган.
Боксту жыйыштырган соң В.Кличко саясатка олуттуу аралаша баштаган. 2012-жылы анын "УДАР" партиясы парламенттик шайлоодо 42 мандат алып, спортчу фракцияны өзү жетектеген. Ал Евромайданга активдүү катышкандардын бири. 2014-жылы Киев шаарынын мэри болуп шайланган.