Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары 18-июлда Сузак районунун Масадан айылындагы Фуркат орто мектебинин абалын көрүштү.
Аталган мектеп 1985-жылы Ленин атындагы колхоздун эсебинен курулуп баштап, бирок акча жоктугунан курулуш бүтпөй калганы айтылды. 624 орундуу үч кабаттуу мектеп имаратынын ички шыбак иштери 60 пайызга аткарылып, электр зымдарын туташтыруу иши да 60 пайызга жасалган.
Жолугушууда мектептин жамааты 2009-жылы мектептин курулушун аягына чыгаруу, курулушка акча бөлүү чечими кабыл алынганы, бирок акча азыркыга чейин берилбей жатканы айтылды. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул мектеп бүткөрүлсө, айылда бала бакча маселеси да чечилмек. Анткени азыркы мектеп мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашкан.
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мектепти куруп бүткөрүүнү аягына чыгаруу зарыл экенин, фракция депутаттары маселени парламент жыйындарында карап, республикалык бюджеттен акча бөлдүрүүгө аракет кыларын айтты.