Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Курманжан датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү көпүрөнүн курулуш иштерин текшерип чыкканын 19-июлда мэриядан билдиришти. Ошондой эле Кадырбаев курулуштун жанындагы жаңыдан алмаштырылып жаткан таза суу түтүгүн да көрүп кайтты.
Бул көпүрө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринен үнөмдөлгөн акча каражатына курулуп жатат. Жолдун жалпы узундугу 0,5 чакырым, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метрди түзөт. Курулуш мөөнөтү 1 жыл.
"Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Эң негизгиси - сапаты жана ыңгайлуулугу. Бир күнгө шаардыктарга таза суу берүүнү токтотуп турдук, таза суу кеткен түтүктү жаңысына алмаштырып, 2 метрге ылдыйлаттык. Бул иш-аракеттин баары көпүрөнүн курулушуна тоскоолдуктар жаралбаш үчүн жасалып жатат”, - деп билдирди Кадырбаев.
Шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге, куруучуларга курулуштун сапатына маани берүүнү айтып, айрым бир катуу талаптарды койду.
Азыркы тапта 30дан ашуун көпүрө куруу боюнча атайын адистер, 20га жакын техника өз ишин жүргүзүп, көпүрөгө чейинки жолдорду тегиздөө иштери аткарылууда.
Айта кетсек, курулуш иштери “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73,0 миллион сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзөт.