Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирди

10-июлдан 17-июлга чейин Түркиянын Стамбул шаарында ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 40-сессиясы болуп өткөн. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Бул тууралуу ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясынын маалымат кызматы маалымдайт.

"Чек аралар аралык номинациянын алкагында Казакстан, Өзбекстан, Кыргыз Республикасынын аймагын камтыган Батыш Тянь-Шань жана өзгөчө корголгон Сары-Челек, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктарынын жаратылыш аймактары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аталган тизмеден буга чейин Сулайман-Тоо, “Манас” үчилтиги, шырдак, боз үй, ала кийиз жана Суяб, Баласагын тарыхый шаарлары орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
12.12.12
2016-07-19 12:41:50
Кандай жагымдуу жанылык. Керемет жерибиз бар. Ушул мурасты сактап калалы.
+4
Акназар Сулайманкулов
2016-07-19 19:47:51
Айрым адамдар мамлекеттин кооз жерлерине кол салып, коруктан да жер талашып бет тырмалык кылып жатпайбы.
0
Tiguuchu
2016-07-20 09:24:06
Беш Арал коругу Чаткал тоолорунда Озбекстан мн чектешет.Жакшы болуптур ЮНЕСКО го кирип,эмесе озбектер бара бара басып алмак,ансыз деле жылып келатышат.Корукта кызыл китепке кирген мензбир сууру,пскем пиязы,тюльпан,илбирс жана башка коп нерселер бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан