Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары Бишкекти Таш-Көмүр кенинин көмүрү менен камсыздоого кызыкдар. Мындай пикирин алар 18-июлда КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушууда билдиришти.
Жолугушууда шаардын ооруканаларындагы коорупциялык көрүнүштөр боюнча маселе көтөрүлдү. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, УЗИге көрүнүү баасы 2 миң сомду түзсө, акысыз кызмат көрсөтүүлөргө да акы алынат. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов саламаттык сактоо министринин орун басарына кайрылып, аймактардагы медициналык мекемелердеги өз билемдик, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу зарылдыгын айтты.
Таш-Көмүр шаарынын ичиндеги 14 чакырым жол талкаланып, капиталдык оңдоого муктаж болуп турганы да айтылды. Өмүркулов жол маселеси өлкөдө актуалдуу экенин белгиледи. "Азыркы учурда өлкө башчынын демилгеси менен райондук, облустук борборлордогу жана чакан шаарлардагы жолдор оңдолуп жатат. Анын ичинде Таш-Көмүрдөгү 6 чакырым жол оңдолууда. Баарын бир мезгилде бүтүрүү мүмкүн эмес, бирок акырындап иш жүрүп жатат. Бюджетти бекитүүдө КСДП фракциясынын депутаттары Таш-Көмүр шаарындагы жолдорду оңдоого да каржы бөлдүрүүгө аракет кылышат", - деди депутат.