Казакстандагы террордук коркунучтардан улам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда коомдук жайлар, мамлекеттик мекеме-ишканалар, ошондой эле милиция кызматынын имараттары күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Ошол эле убакта курал сактоо имараттары милиция кызматкерлери тарабынан каралып жатат", - деп билдирди Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев.
"Бул боюнча Казакстан, Армения өлкөлөрүндөгү укук коргоо органдары менен биргеликте кызматташып, иш жүргүзүп жатабыз. Калк арасында коркунуч жараткан шек жок", - деп кошумчалады басма сөз кызматынан Бакыт Сейитов.