Индия борбор шаарыбызга медициналык борбор ачууну сунуштоодо

Индиянын компанияларынын бири Бишкекте заманбап, жогорку технологиялык оорукана ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Негизинен оорукана гинекология, нефрология, физиология, неврология жана кардиология багытында иш алып бармакчы. Ооруканада Индия жана Кыргыз Республикасынын жогорку квалификациядагы дарыгерлери иштей турганы айтылууда. “Адистер менен алмашуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде болуусу зарыл. Дегеним, аталган ооруканада иштей турган дарыгерлер теңме-тең болушу керек. Биз тараптан болгон колдоо көргөзүлөт, бирок кыргыз жана индиялык дарыгерлердин саны бирдей болушу керек”, - деди министр Талантбек Батыралиев. Ошондой эле министр бул медициналык борборду тез арада ачып, бейтаптарга жеткиликтүү дарылануу мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл экенин, өлкөбүздүн дарыгерлеринин Индиянын алдынкы ооруканаларында тажрыйба алуусуна кызыкдар экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
admiral
2016-07-19 13:05:27
Ачылып калса жакшы болот эле. Индиянын даарылыры тасирлүү экенин билебиз.
-1
Mahabbat
2016-07-19 16:05:14
Анда ал больницасын Кыргызстандан бутургон эле индустар басып калса керек
0
blood
2016-07-19 16:26:07
Опооо эми ушулар эле жетишпей атты ле кытайды кууп албай атсак индустар
+1
bek.kgz
2016-07-19 20:31:38
Ачылса мамлекеттин экономикасына пайдасы тийсе керек...
0
Kani1994
2016-07-20 03:09:59
КЫТАЙ,КОРЕЙ,ОРУС,ТИБЕТ медицинасы эле жетишпей атты эле,кызык бизде КЫРГЫЗдарда доктурлар калбай калды беле?!
0
miron
2016-07-21 09:22:36
Индия озун элин жаман оорулардан айыктырып алып анан бизге келсин бул жон гана бизнес донорлор индиядан келсе анда буткону ошол кыргыз элинин. Эн коп спид жана башка жаман оорулар менен ооруган олко бул индия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан