1980-жылы 19-июлда Москвада XXII Жайкы Олимпиада оюндары башталып, анда кыргыз спортунун тогуз өкүлү СССР өлкөсүнүн намысын коргогон. Алар: Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметов, Леонид Дунаев, Николай Чернецкий жана Марина Сысоева.
Кыргыз өлкөсүнөн алтын медаль боюнча алгачкы эсепти тапанча менен 50 метр аралыкка ок атууда мергенчи А.Мелентьев баштап берген. Ал 581 упай топтоп дүйнөлүк рекорд жараткан. Ал эми оор атлет Каныбек Осмоналиев 52 килограммга чейинки салмакта чемпион болгон. Узундукка секирүүдө Татьяна Колпакова 7 метр 06 сантиметр көрсөткүчү менен олимпиадалык рекорд жараткан. Ат спортунан А.Блинов командалык эсепте чемпион аталса, жеке мелдеште 2-орунду ээлеген. Жөө күлүк Н.Чернецкий 4х100 метрге эстафеталык жарышта жеңүүчү болгон. С.Жуманазаров болсо марафондук жарыштан советтик спортчулардын арасында биринчи жолу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынгандыгы менен тарыхта калган. А.Абушахметов менен Л.Дунаев фехтованиеден командалык эсепте 3-орунду камсыз кылышкан. Бийиктикке секирүүдөн М.Сысоева байгелүү 5-орунга илинген. Ошентип, 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп Кыргыз Республикасынын атын даңазалашып, Олимптин туусун багындырышкан.
19-июлдун жылнаамасы.