Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Ысык-Көл облусундагы райондук башкармалыктары Каракол шаарындагы орто мектептерде өзгөчө кырдаалдарга, адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында атайын иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган инспекциянын маалымат кызматы 19-июлда билдирди.
Маалым болгондой, жалпы билим берүү мекемелеринде, мектептерде, бала бакчаларда комплекстүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым мекемелерде кездешкен өрт коопсуздук эрежелерин бузган объектилерде өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча актылар жазылып, эскертүү баракчалары берилди. Бир айлык мөөнөттө кемчиликтер жоюлбаса, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.