Брюсселде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы элчилиги аталган өлкөдөгү кыргыздардын "Kyrgyz in Belgium and Friends" ассоциациясы жана Франциядагы кыргыздардын "Kyrgyz Club - France" ассоциациясы менен биргеликте Антверпен шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата кыргыздар арасында футбол беттешин уюштурушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-июлда кабарлады.

Турнирге Бельгия, Германия, Франция жана Италияда жашаган кыргыздар катышышты. Турнирди Бенилюкстагы жана Франциядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев ачып берип, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Өз сөзүндө элчи кыргыз диаспораларын ынтымактуу жана бирдиктүү болууга чакырып, кыргыздын аброюн жашап жаткан өлкөлөрдө чыңдоо керек экенин белгиледи. "Иш-чаранын жыйынтыгы чыккан соң дасторкон жайылып, улуттук тамак-аштар коюлду. Кыргыз диаспоралары мындай кечелер жыл сайын өткөрүлчү салтка айланышын каалашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан