Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов "бизден башка бир дагы өлкөдө мейманды башка элдин тили менен тоспойт" деп билдирген.
"Жарнама боюнча мыйзамдын 5-пунктуна ылайык, жарнама, кулактандыруулар мамлекеттик тилде, андан соң расмий тилде жазылышы керек. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 27-беренесинде "кулактандыруу, прейскурант, жарнамалар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы керек" деп турат. Көчмөндөр оюндары тууралуу баннерлерде мына ушул эрежелер бузулган. Биз мындай мыйзам бузуулар боюнча эч кимди жоопко тарта албайбыз, болгону уяткаруу менен гана чектелебиз", - деп билдиришти Мамлекеттик тил комиссиясынан.
Ал эми сөз болуп жаткан баннерлер боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгына кайрылуу жиберилген.
Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон -Ата шаарында 3-8-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.