Жогорку окуу жайларда математика жана физика багыты боюнча адистикти тандаган абитуриенттер аз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Жеңиш Бексултанов билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларда 11-июлдан баштап абитуриенттерди кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө.
"Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү тармагындагы адистикти тандаган, дегеле педагогикалык адистикти алып чыгууга аракеттенген абитуриенттер басымдуулук кылууда. Ал эми так илим катары айтылып келе жаткан математика жана физика адистигин тандагандар аз болуп жатат", - деп билдирди Бексултанов.
"Математика жана физика адистигин аз тандоонун себеби мектептерде билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүнөн же математика жана физика сабактарынан кошумча сынак тапшырбай калгандан болуп жатат", - деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, англис жана башка тилдерди үйрөнүүгө аракет жасап, котормочулукка ыктагандар көп.