Билимге суусаган жаштар жогорку окуу жайларга кабыл алына баштады (фоторепортаж)

Жаңы гана мектепти аяктап, билим деңгээлин жогорулатуу максатында жогорку окуу жайларга агылган, билимге суусаган жаштар миңдеп саналат. Алардын арасында айрымдары мугалимдик кесипти тандап алса, айрымдары чет тилинен котормочулук адистигин алууга ашыгышат. Ал эми дагы бири жөн гана темир ширетүүчүлүккө кызыкса, дагы бири калктын саламаттыгы менен күрөшүүгө ынтызар.

Учурда Бишкек шаарында миңдеген абитуриенттер жогорку окуу жайларында топтошуп, документтерин тапшыруу менен алек болууда. Айрымдары шаардагы сейил бактарда алдыдагы сынактарга даярданып отурушат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары кучагына миңдеген абитуриенттерди батырып келет. Учурда окуу жайлар документтерди кабыл алуу иштерин кызуу жүргүзүүдө. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген абитуриенттер боюнча маалымат даярдап, окурмандарга сунуш кылуу үчүн борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын бирине баш бактык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Palan4a
2016-07-19 18:17:22
Билимге суусап барабызда, анан кантип талаалап, оз кесибибиз мн иштебей, кетип калганды билбей калабыз!))
+5
Aytur
2016-07-19 22:01:02
Ии кыйратып жатышат ХХХ 121балл менен бюджетке отот дагы 148 балл менен отпрй калат. Акча учун абийирин сатышатго мугалимдер!
Даным устат имиш.
+1
admin_portal
2016-07-20 09:43:02
Aytur, этика нормаларын сактаңыз!
0
Kara-balta
2016-07-19 22:23:20
Ээх ошол билимге суусап окугандарга жумуш орун болсо гана
+1
Futuro3
2016-07-19 23:02:08
Эч ким суусабайт эй Кыргызстанда.
-2
tynchtyk93
2016-07-20 08:49:47
Менда былтыр окууга тапшырам деп болгон универдин баарын кыдырдымго чиркин!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан