Парламенттеги фракция лидерлеринин кимиси бай, кимиси кедей?

Мамлекеттик кадр кызматы Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2015-жылдагы киреше жана чыгашаларын жарыялады. SUPER.KG Жогорку Кеңештеги фракция лидерлеринин кимиси канча киреше таап, кимиси канча чыгаша кылганын тизмектеп чыкты.

"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев 2015-жылы 5 миллион 311 423 сом киреше тапса, 3 миллион сом чыгаша кылган. Жалпы аянты 250 чарчы метрге жеткен үйү жана 4,5 гектар айыл чарба багытындагы жери бар. Ошондой эле 2 Тойота жана 1 Хонда үлгүсүндөгү унаага ээ. Ал эми жакындары 427 719 сом иштеп табышса, 1,5 миллион сом коротушкан. Аянты 2 гектарга жеткен кашарга, 800 чарчы метрлик жер үлүшүнө, 500 чарчы метрге жеткен үйгө жана 1 Лексус үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышат.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 2015-жылы 889 685 сом 93 тыйын тапкан. Чыгашасын көрсөткөн эмес. Ал эми 6 батирге (69,5-68,2-156-35-214-181 чарчы метр), 22 чарчы метрден турган 4 унаа токтотуучу жайга, 418 чарчы метрди түзгөн имаратка жана 2000 чарчы метр жер үлүшүнө ээ. Ошондой эле эки ишкананын бирине 80 пайыз, бирине 45 пайыз ээ болсо, үч ишканада акциялары (биринде 92, биринде 81, биринде 16 пайыз) бар.

Жакындары 1 жылда 90 миллион 902 737 сом табышкан. Ал эми 5 батири (97,5-33-238-316-200 чарчы метр), 4 жерде жер үлүшү (1995-2621-1307, 1307 чарчы метр), эки имараты (432, 83 чарчы метр), 4 жер үйү (360-81-374-109 чарчы метр) жана курулуп бүтө элек 338 чарчы метрлик имараты бар. Андан сырткары 2013-жылы чыккан Лексус 570 жана 2006-жылы чыккан Мерседес үлгүсүндөгү унаага ээ.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өзү 737 887 сом 9 тыйын, жакындары 21 миллион 657 603 сом иштеп тапкан. Өзүнүн жана жакындарынын чыгашасын көрсөткөн эмес. Өзүнүн 180 жана 179 чарчы метр үйү бар.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1 жылда 1 066 416 сом 56 тыйын иштеп тапканын көрсөткөн. Жакындары 3 миллион 477 848 сом табышкан. Чакан ГЭС салууга ылайык 0,05 гектар жери, 76,08 жана 0,10 гектар жерди ээлеген кафеси, 121,9 жана 64,1 чарчы метрде батири, жалпы аянты 1157,8 чарчы метрди түзгөн имарат, 0,15 жана 6 сотук жер үлүшү, ошондой эле 16,9 чарчы метрде унаа токтотуучу жайы бар. 2005-жылы чыгарылган Тойота РАВ4 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышат.

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 889 599 сом 49 тыйын тапканын жана 15 сотук жерге ээлик кыларын көрсөткөн. Жакындары 217,6 чарчы метр батирге, 1321 чарчы метр жерге жана 924,3 чарчы метр жерге ээ.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзү иштеп, 10 миллион 902 793 сом киреше киргизсе, жакындары 73 миллион 756 202 сом киреше алышкан. Бабановдун 324 чарчы метр үйү бар болсо, жакындары 91,7 чарчы метр батирге, 2012-жылы чыккан 2 Тойота Ленд Крузер унааларына ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Umnitsa
2016-07-19 18:53:52
Мен бир гана Бабанов менен Турсунбековдун маалыматына ишендим, калгандары мулкун толук айтпай коюшуптур, алар деле чириген байго
+6
Isken.der
2016-07-19 18:56:37
Алган айлыгы эле бир жарым млндан ашса керек. Чынын айтсаңар эмне болот деймда, же айтсаңар түнү уктай албай чыгышабы түшүнбөйсүң буларга
+1
nura.177
2016-07-19 19:19:01
Бул эми айткандары айтпаганы канча
+3
sibiryak
2016-07-19 19:28:40
ушундай билдируунун эмне кереги бар дейм да.Кимдин Ким экенин эл билет.Кайдагы эле жок бир цифралар.
0
edik-kg
2016-07-19 20:56:54
кана эле ошол акчаларын Кыргызстан дын ичинде иштетишкенде кыйла бир иш каналар курулмак
+1
KaiMak
2016-07-19 21:17:06
эмнени кыйратып табыштыкен ошончо акчаны? кумтордон тушкон акча дагы жетпейт го депутаттарга
+1
tashi62
2016-07-19 22:02:21
Итке минип эле жүрүшөт
0
Kara-balta
2016-07-19 22:15:25
Оздорунун бизнестерин улантышып еле саясаттан алысыраак кетишбейби?же ошол бизнестерин сактап калуу учун креслодо отурушабы?
+1
joni_91
2016-07-19 22:32:39
Булар озунун бизнесин сактап калыш учун журушот
0
juma11anara
2016-07-19 23:58:18
Баары жакшы табышыптыр. Бирок ушул тыйын дегендерин жазбай эле коюшса болмок. Тим эле тыйындап табып калышкансып.
+3
KANAT85
2016-07-20 06:46:32
Бай кедей мм....
0
Supsuluu
2016-07-20 07:37:49
Элге пайдасы тийбегенден кийин не кереги бар бай кедей экендигин билип.
+3
Usow
2016-07-20 07:38:43
Бул суммалардын бирине да ишениш жок
0
nurkasym-2014
2016-07-20 08:29:45
Usow ишенсен болот,бизде Кыргызстанды жалан акчалуулар башкарат.Азыр чондордун баары бир табакташ.Болуп жаткан саясат бул булардын койюп жаткан спектакли.Биздин чондор живой артистер.
0
Mirbek95
2016-07-20 10:24:54
Статистикалык маалыматка таянсак. Крнын эн бай уч адамы булар; 1) Бабанов О.1,5-1,7 миллиард $. 2) Атамбаев А. 1,3-1,5 миллиард $. 3) Салымбеков А. 1,1-1,3 миллиард $. Бул маалыматты калп айтпасам эки же уч жыл мурун оз козум менен окуганмын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан