Түнкүсүн азан айтуу токтобойт, жөн гана катуу айтылбайт

"Түнкүсүн азан айтууга тыюу салынды" деген маалымат интернет тармактарына тараган. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы түнкүсүн мечиттерде азан үндү бийиктеткен каражат аркылуу айтылбай тургандыгы тууралуу бардык мечиттерге эскертме берди. Бул чечимдин аткарылышын аталган мекеме бир жума ичинде көзөмөл кылат.

Мындай чара Бишкек шаарынын тургундарынан "түнкүсүн азан катуу айтылып, уктай албай жатабыз" деген өңүттөгү арыздардын көбөйүшүнө байланыштуу колдонулат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгына кайрылдык.

"Ооба, Санитардык-экологиялык инспекция бул жөнүндө оозеки түрдө билдирди. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында бири-бирибизди түшүнүп, макулдашууга келдик. Азан айтуу токтобойт, жөн гана катуу айтылбайт”, - дейт Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын муфтийинин орун басары Аким ажы Эргешов.

Белгилей кетсек, азан куптан (22:15) жана багымдат (03:34) намазадары окулган учурларда айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
miki-84
2016-07-19 22:04:26
Азандын унун мынданда бийик чыгарып айтыш керек эй биз шайлаган жеп жутарлар бата алып ийдинерго шайлоого жакын
+3
ALATOOLUK.JIGIT
2016-07-19 22:18:29
Баштан бери кылдаттык менен байкасанар,Кыргызстанда динге каршы онбогондой чон саясат журуп жатат. Кимдин саясаты экени да маалым. Акырындап элди кондурууго болгон аракет. Бирдейинен эле азан айтылбасын десе эл тупкоторо бутка турарын билишет. Баканы казандагы кайнак сууга салса секирип чыгат.ал эми казанга муздак суу куюп,баканы салып,анан акырын от жакса бака былк этпей отуруп бышып калат деп ойлошууда бул иштин башындагылар.
0
Kara-balta
2016-07-19 22:21:00
Бара бара кысымын кучотуп жатышабы ар нерсени шылтоо кылып
+1
Futuro3
2016-07-19 22:59:54
Мечиттин тегерегиндеги орустар жалоб кылган окшойт. Анда церковьдун тегерегинде жашаган кыргыздар жалоб кылгыла коңгуроосун акырын каксын!!!
+8
orun
2016-07-20 02:20:26
Futuro3,150 пайыз кошулам!!!
0
Kyrgyz-aiym
2016-07-19 23:05:38
Азанды уккандын озу дагы сооп иш го неге тыюу салат
+4
raiana53
2016-07-19 23:17:02
Азандын унуно зар болуп калып журбогуло Аллахтан баляя тушсо,Аллахым сактасын
+6
miss-998
2016-07-20 01:02:01
Соз жок!Кимин болсонда эл мн элсин келээрде мышыксынар эптеп куйругунарды батырып алып Кудайга жакпаган ишти кыласынар! !!Адамда ыйман болуш керек да Азанга жалоб кылгандар канчалар журот кааласа да уга албай шугур кылсанар! !!Же эртенкибизге кайдыгербизби. ..
+5
ardak86
2016-07-20 01:16:23
Азан унунон уктай албай жаткан адамдар ушул малга чеймн кандай уктап келишти же башта кулактары укпайбеле
+6
orun
2016-07-20 02:35:30
Атамбаев ШКУ нун саммитине Ташкенге барганда Каримовдон вирус жуктуруп келген сыяктуу...! Же Каримов атамбаевдин оозуна тукуруп койгон бейм, жуксун жуксун кылып...
+4
Mirbek95
2016-07-20 02:59:52
Эх чондор, акыркы убактарда эмнеге коп табият кырсыктары болуп жатканын билеби? Куранда айтылат "кайсыл коом бузулуп бара жатса, ошол аймакта жер титирейт, сел журот, орт каптайт"... Динибизди сактап, таратууга жол ачуунун ордуна, баргандан барган сайын кучоп бара жатат. Бул туру менен Таджикистан, Озбекстандын кейпин кийип калбаса эле болду. Оо кудай, озун хидаят бер.
+3
chechkin
2016-07-20 09:07:58
андан коро дуа кылалычы чондорго Аллахым хидаят берсин деп азырынча башка айла жок анан бир айласы табылаар
+3
mister_bond
2016-07-20 09:17:43
Аллахым ошол азан угуп уктай албай жатам деп кайрылгандарды дулой кылсын ошондо зар болот.
+1
Tahisha
2016-07-20 22:33:23
Ушундай да болчу беле. Эки жолу айтылат экен ушуга чейин деле угуп тынч эле жашап журбодук беле. 1чиси 22 15экен мындай убакта эчким уктабайт уйундо ошон учун эч кимге тоскоол болбойт. 2чиси 3 34экен бул убакта намаз окугандар эле турбаса башкалар катуу уйкуда уктап жаткан болот, бул убакта азан эмес башкасында укпайт адам. Азан катуу айтылыш керек анткени адамдарды намазга чакырат.
0
samira8589
2016-07-20 22:40:46
Аллахтын кордугун көргүбүз келип калдык окшойт.өзү карапайым элибиз ар түрдүү бутактарга кирип баратканда туура эмес иштерди жасашып.Мусулман эмес өлкөлөрдө тыюуу салынбаган го.
0
Nur1k
2016-07-21 01:14:15
Мына сага! Дагы кандай кылып ислам динин тыят экен? Жакында чыкпасанар эле болду мен мусулманмын деген адамды бул террорист камагыла деп ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан