Бүгүн, 19-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн берилген тапшырмасына ылайык, 2010-жылдан бери “Жаштык” балдар лагеринде мыйзамсыз жашап жаткан 11 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү. Ар бир үй-бүлөгө жер тилкеси бөлүнүп, убактылуу жашап турганга шарттар түзүлүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июлда билдирди.
Ош шаарынын вице-мэри Шухрат Сабировдун айтымында, “Жаштык” балдар лагеринде жашап жаткан жарандарга бир ай мурун көчүп кетүү боюнча кат берилген.
“Бүгүн биз өкмөттүн тапшырмасы менен келип мыйзамдаштыруу багытын көздөп жарандарды көчүрүп жатабыз. Бул жарандарыбызга жер бөлүп берүү үчүн Ош шаардык мэриясынан атайын комиссия түзүлүп, текшерип жатат. Эгерде бул жарандардын башка жакта жашай турган үйлөрү болбосо, ар бир үй-бүлөгө 5 сотуктан жер бөлүп берүү пландалууда”, - деди Ш.Сабиров.
“Жаштык” лагеринен көчүрүлгөн 11 үй-бүлөгө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Курманжан датка-2 аймактык кеңешине караштуу Алай-1 массивине убактылуу жашап турууга 11 чатыр тургузулуп берилди.
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу департаментинин директору Алтынбек Пирматовдун айтымында, 6 жылдан бери шаардагы балдар “Жаштык” лагерине келип эс алууга мүмкүнчүлүк албай келишкен. Ошондой эле лагерде мыйзамсыз жашап жаткан жарандарга көчүрүлүп келген Курманжан датка-2 аймактык кеңешине караштуу Алай-1 массивинен үй куруп алууга жер бөлүнөрүн кошумчалады.