Бүгүн, 19-июль күнү Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты, учкуч Союзбек Салиевдин демилгеси менен ишке аша турган Жер шарын жеңил учак менен айланып чыкчу учак "Манас" аэропортуна келип конду. Ал буга чейин учакты алып келүүгө Францияга жөнөп жатканын кабарлаган эле.
Союзбек Салиевдин ыктыярдуу жардамчысы Алмас Турдумаматовдун айтымында, Токмоктогу аэродромдон старт алчу чоң саякат 3-4 күндөн кийин башталат. "Азыр бардык даярдыктар көрүлүп жатат. Жер шарын учак менен айланып чыгуу 10-июль күнү башталмак. Бирок жеңил учакты реконструкциялоо иштери кеч бүтүп калды. Союзбек Салиев Франциядан бери Белград, Анкара жана Актау шаарларына токтоп, бүгүн Бишкекке конду", - дейт Алмас Турдумаматов.
Эске салсак, бул долбоор Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өтүп жатат жана анда 27 өлкөнү кыдырып чыгуу каралууда. Ушундай өзгөчө жол менен майрамды белгилөөгө бел байлаган С.Салиевди чоң сапарда штурман Йонас Жукнус коштомокчу.