Малайзиялык мугалимдер жана окуучулар Кыргыз жерине келишти

20-26-июль аралыгында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштуруп жаткан Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасы орун алат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Малайзиядан англис тил мугалимдери жана мектеп окуучулары Кыргыз жерине келишти. Бүгүн, 19-июлда Бишкектеги "Манас" аэропортуна келип түшкөн топту Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов, иш-чарага катышуу үчүн чакырылган мугалимдер тосуп алышты.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын райондук администрациялары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары бул жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чараларына мектептерден бирден окуучу тандап беришкен (окуучулардын тизмеси). Малайзиядан келген коноктор Кыргыз жеринин төрт бурчунан чогулган окуучулардын калың тобу менен эртең президент Алмазбек Атамбаев окуган мектепте болуп, андан соң Ысык-Көлдү көздөй бет алышат. Көлдө өлкөбүздүн 40тан ашык окуучусу үчүн англис тили боюнча сабак өтүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KaiMak
2016-07-19 21:12:09
жакшы жанылык ))) кээчкеле жардыруу терроризмди окуй берип )))
+4
Kashka.suu
2016-07-19 21:28:50
Жакшы жанылык.
+2
Kani1994
2016-07-20 03:01:44
СОНУН го,эми малай элине уят болбой жакшы сыйлашса экен!
+1
bekhaliev
2016-07-20 09:14:41
мени качан чакырат малайзияга
0
abusait
2016-07-20 09:42:32
Дааратканаларды ондош керек болчу. Откондогу туристтери эле айткан бул тууралуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан