Түркия президенти "төңкөрүш жасоого аракеттенген" деп айыптап жаткан Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар 24 телерадиостанция жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гүлендин тарапташтарына каршы жүрүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында 34 журналисттин ишмердүүлүгү токтотулуп, Билим берүү министрлигинин 15 миң кызматкери, университеттердин 1500дөн ашуун деканы, Дин иштери боюнча башкармалыктын 490го жакын кызматкери, премьер-министрдин аппаратынын 257 кызматкери жана чалгындоо кызматтарында иштеген 100 киши жумушунан алынган. Буга чейин соңку убактарда 35 миң аскер, полиция кызматкерлери, судьялар жана мамлекеттик кызматкерлер кызматынан алынган. Алардын баары төңкөрүшкө катыштыгы бар деп айыпталган.
АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди камакка алып, өткөрүп берүүнү Түркия бийлиги талап кылды. Премьер-министр Бинали Йылдырым билдиргендей, АКШга электрондук каналдар аркылуу Фетхуллах Гүлен боюнча толук маалымат жиберилген. Ал эми расмий Вашингтон Анкарадан Гүлендин төңкөрүшкө тиешеси бар экенине тиешелүү далилдерди берүүсү керектигин айткан.
БУУ өлкө бийлигин мыйзамды сактоого чакырды. "Мындан ары Түркияда 2004-жылы тыюу салынган өлүм жазасы алынышы мүмкүн" деген кептерге президент Эрдоган "бул кадам төңкөрүштүн катышуучуларын жазалоого гана тиешелүү болушу мүмкүн" деген жообун берген.
Белгилей кетсек, "Түркияда орун алган куралдуу салгылашты Фетхуллах Гүлен уюштурган" деген айыптоону президент Эрдоган массалык маалымат каражаттары аркылуу айтып чыккан.
Түркияда лицензиясы алынып, ишмердүүлүгү токтотулган телерадиостанциялар:
1. STV
2. Samanyolu Haber Radyo
3. Can Erzincan TV
4. 124, Yumurcak TV
5. Hira TV, MC TV
6. Dünya TV
7. Kanal Türk
8. Bugün TV
9. Mehtap TV
10. Berfin FM
11. Kanal Türk Radyo
12. Burç FM
13. Samanyolu Haber Radyosu
14. Radyo Mehtap
15. Haber Radyo Ege
16. Dünya Radyo
17. Radyo Küre
18. Merkür TV
19. Esra Radyo
20.Tuna Shoping TV
21. Samanyolu Haber
22. Radyo Anadolu
23. Kanal TV
24. Samanyolu Haber