Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында 2016-жылдын 19-июлунда Индия тараптын демилгеси менен КР КК БШнын башчысы, генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев Индиянын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаянта Кхобрагаде менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда аталган штабдын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы-Индия өлкөлөрүнүн ортосундагы аскердик багыттагы алгылыктуу өнүгүүлөр тууралуу талкуулашты жана эки тараптуу кызматташтыктын айрым маселелерин, анын ичинде күжүрмөн даярдык, аскердик-техникалык кызматташтык, тынчтыкты сактоочу иш-аракеттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларынын базасындагы билим берүүгө байланышкан долбоорлорду жүзөгө ашыруу сыяктуу биргелешкен иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү.
Жолугушуунун аягында КР КК БШнын башчысы менен Индия мамлекетинин элчиси эки тараптын тең мындан аркы өз ара кызматташууларга макул экендиктерин жана ал кызматташууларды кеңейтүүгө, байланышты эки жактуу чыңдоого, эки өлкөнүн ортосундагы ынтымак жана достукту, тынчтыкты сактоо үчүн келечектүү багыттарда иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.