Шашылыш билдирүү! 21-23-июль аралыгында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

21-23-июль аралыгында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 22-июлда жана 23-июлда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tolik.84kg
2016-07-20 11:23:59
Борбор калаанын аба ырайын толук туура жазгылачы сураныч.жаайт же жаабайт дегендей кылбай
+2
Sekon
2016-07-20 11:55:30
Ууууурааааааа
0
Usow
2016-07-20 12:44:15
Мир ирет аракет кылсанар да барибир Аллах Тааланын буйруганыдай болот
+1
KaiMak
2016-07-20 13:21:22
кеч жамгыр жаайт кундузу кун часырайт ошто
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан