Малайзиядан жана өлкөнүн 7 дубанынан келген окуучулар президент Алмазбек Атамбаев окуган мектепте болушту (фото)

20-26-июль аралыгында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштуруп жаткан Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасы орун алат. Бул иш-чарага катышуу үчүн кечээ, 19-июлда Малайзиядан англис тил мугалимдери жана мектеп окуучулары Кыргыз жерине келишкен.

Бүгүн, 20-июлда Малайзиядан келген англис тил мугалимдери, окуучулар өлкөнүн 7 дубанынан келген окуучулар менен президент Алмазбек Атамбаев окуган Феодосия Стрельникова атындагы жалпы билим берүү мектебине барышты. КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов келген конокторду мектеп жамааты менен тааныштырды. Аталган мектептин директору Сейдакмат Берикбаев алыстан келген окуучуларга мектептин музейин тааныштырып, мында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Апас Жумагулов сыяктуу кыргыздын чыгаан уулдары окуганын айтып, мектептин тарыхына, жетишкен ийгиликтерине токтолуп өттү.

Окуучулар англис тили боюнча деңгээлин аныктоо үчүн атайын тест тапшырганча, малайзиялык коноктор үчүн таланттуу окуучулар комуз чертип, майрамдык маанай тартуулашты. Соңунда майрамдык маанай тартуулаган окуучуларга малайзиялыктар ала келген белектерин, таттууларды тапшырышты.

Мектеп жамааты да "куттуу үйдөн куру чыкпайт" деп элчи Кылычбек Султановго калпак, Малайзиядан келген айымдарга чепкен кийгизишти.

Президент окуган мектеп менен таанышкан соң окуучулар тапшырган тесттеринин жыйынтыгы боюнча үч топко: англис тилин мыкты билгендер, жакшы жана канааттандырарлык деңгээлде билгендер деп бөлүнүштү. Ал үчүн атайын үч түстөгү: кызыл, сары, ак футболкалар даярдалган. Түшкө маал окуучулар "Хан-Теңири" ресторанынан тамактанышып, Ысык-Көлдү көздөй сапар алышты.

Малайзиялыктар кыргыз окуучуларын Ысык-Көлдө окутушат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rifle_S
2016-07-20 12:47:41
Малазиянын элчилиги аябай жакшы иштеп жатат көз тийбесе. Ушундай активдүү иштеген саясий ишмердер президент болсо.
+7
Bill_Gates
2016-07-20 14:18:46
Rifle_S,Атамбаев деле убагында ушундай болчу
0
ASELENOK
2016-07-20 14:19:28
Rifle_S,Жарабайт президенттикке. Болгону жакшы менеджер.
+3
KaiMak
2016-07-20 13:23:02
мен да ошентип ойлойм
-1
KGstan1981
2016-07-20 13:56:57
Ажобуздун интернетте хит б-н ырларын дагын уктурушпаптырда.Кылычбек Султанов жонокой адамгечилуу бой которбогон элчи экен муну Тышкы Иштер министри кылып дайындаса жакшы болот
+5
Kani1994
2016-07-20 15:37:45
ай-ий СОНУН болуптур!!!
+1
Jonathan88
2016-07-20 18:31:04
Күндүн СООНУН жанылыгы,а элчи байкебизге мындан арыда иийгилик каалайм.
+2
blood
2016-07-20 23:30:20
Алмаз Шаршеневич деле кыргыздын чыгаан уулдарынын бири
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан