Аскердик-спорт лагери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын Окутуу борборунун базасында ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июлда кабарлады.
Биринчи окуучулардын тобун кабыл алууну өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү каржылайт. Негизинен тамактануу, экскурсияларды өткөрүү, аскердик оюндарды уюштуруусу каржыланат. Биринчи 30 мектеп окуучусун МЧКнын башкармалыгында чек арачылар 18-июлда тосуп алышкан. Эми он күн аралыгында окуучулар үчүн патриоттуулукту жана мекенге болгон сүйүүнү арттыруу максатындагы
иш-чаралар уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында окуучулар Каракол коругуна, Пржевальскийдин музейине жана “Каркыра” чек ара бөлүгүнө барышат.
“Балдардын аскердик-спорт лагеринде эс алуусу Ата Мекенди коргоочулардын иши менен жакындан таанышууга шарт түзүп, ок атуу, көлдө сүзүү, спорттук оюндар жаштарды шыктандырып, күч-кубат берет”, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусунун башкармалыгынын башчысы, полковник Р.Закиров.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын аскерлери мындан ары дагы аскердик жана патриоттук тарбия берүүдө билим берүү мекемелери менен кызматташа тургандыгын кошумчалашты.