ЖЫЛНААМА, 20-ИЮЛЬ: Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Чоро Думанаев 64 жашка толду

КРнын Эл артисти, актёр Чоро Думанаев 1952-жылы 20-июлда Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган. Орто мектепти Фрунзе шаарынан бүтүргөн. Чоро Думанаев бала кезинен эле киного аралашып, алгач "Космонавттар көчөсү" деген фильмге тартылган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны жана 1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн. Ал эми 1975-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган. Ушул жылдардын аралыгында Ч.Думанаев сахнада элүүдөн ашык ролдорду ойноп, кыргыз элине тааныла алган. Чоро Думанаев “Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Каныбек”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көчө”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

20-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kubat_73
2016-07-20 17:14:57
Омурунуз узун болсун Чоро ава бар болунуз ден соолук каалайм.
0
yasmina_kg
2016-07-20 23:19:21
Туулган кунунуз кут болсун ден соолугунуз чын болсун омурунуз узун болсун ишиниз ийгилеке толсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан