Азыркы учурда республика боюнча 840 адам докторлук даражага ээ жана 3980 адам - илимдин кандидаты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдрахман Мавляновду кабыл алганын 20-июлда өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Жолугушууда комиссиянын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо, ченемдик документтер менен жоболорду системге салууну өркүндөтүү, илимий даража үчүн изденүүчүлөргө артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча маселелер талкууланды.

Абдрахман Мавлянов белгилегендей, азыркы кезде республика боюнча 840 адам докторлук даражага ээ жана 3980 адам - илимдин кандидаты. Жогорку аттестациялык комиссиянын электрондук долбоору ишке киргизилди.

Сооронбай Жээнбеков комиссиянын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо жана талдоо жүргүзүү аркылуу илимий даражаларды ыйгаруу ишин ачык-айкын жүргүзүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aidai5555
2016-07-20 17:54:34
Мага ушундай калпактар жагат. Азыр бир кызыктай кылып чыгарып жатышат (оймолорун), тегерек кылып, жарашыксыз, анан да герб, желектин сүрөтүн жайгаштырып коюшууда. Менимче, ушул (жогорудагы) үлгү эң сонун...
0
realmadrid32
2016-07-20 19:18:32
Aidai5555,
Тоо десе бее дединизго...
+6
nalukg
2016-07-20 20:38:45
Баракелде доктор науктарыбыз кобойо берсин
0
Shef87
2016-07-20 22:03:50
акчанын баары ушуларда кутурду да кутурду
0
zhykyo
2016-07-20 23:27:44
Пайдасы тийсе эле болду
+1
karymshakov
2016-07-21 00:06:46
3980 илимдин кандидаттары элди чет жака чыгарбай эле даарылап коюшса болбойт бекен. Кыйнап кайдагы германия кытайга каттатпай?
-3
aziziko
2016-07-21 00:44:35
karymshakov, жеке эле врач эмес бизде современный апарат жок онуккон олколордой. Эгер мамлекет ошол апараттарды алып берсе бизде деле кыйын врачтар жок даже свет очуп калса телефондун жарыгы мене операция кылгындар бар . Ошол Бир чон больницага Бир генератор алып берип ккойушса эмне болмок эле
-1
Mile
2016-07-21 01:50:52
karymshakov,докторлор деген врачтар эмес. Жалпы илимдер боюнча доктор кандидаттар. Анын ичинен канчасы медицина тармагы боюнча айтылбаган бул жерде.
+3
Aitunuk
2016-07-21 22:39:49
karymshakov, 3980 илимдин кандидаты илимдин бардык тармагы боюнча, б.а. филология, биология, химия, медицина ж.б. Эң өкүнүчтүүсү ошолордун (акыркы эгемендүүлүк жылдарында кандидат, доктор болгондордун 80 проценти)сабатсыз, эмнени жазганын билбегендер, анткени бүгүнкү күндө мунун баарын акчага жетекчиси же башка бирөө жазып берет, илим да "акчаң болсо, кулуңмун" абалына келген, керек болсо академиктердин арасында да дал ушундайлар бар.0озду толтуруп айткан менен, арты курулай жел.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан