Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жакырчылыкты жоюу боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен келишимди узартты. Келишимди узартуу боюнча келишимге бүгүн, 21-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев жана БУУнун Азык-түлүк программасы боюнча директору Рам Сараванамутту кол койду.
Маалым болгондой, узартылган келишим 2017-жылдын аягына чейин иштейт. Келишимдин негизги максаты жумушсуздукту жоюу, жакырчылыкты кыскартууга багытталган.
Буга чейин 2014-жылы алгачкы ирет келишим түзүлүп, мөөнөтү 2016-жылга чейин созулган.
"Келишимдин алкагына БУУ Кыргыз Республикасына 16,8 миллион АКШ долларын бөлгөн. Эки жыл аралыгында 490 долбоор ишке ашырылган. Долбоор мындан ары өлкөнүн бардык облустарында кайрадан иштеп баштайт", - деп билдирди министр Базарбаев.