Декларация: Унаасы, үйү жана бизнеси жок көрүнгөн министрлер

Мамлекеттик кадр кызматы министрлердин 2015-жылдагы киреше жана чыгашаларын жарыялады. Көпчүлүк министрлер декларациясына унаасы, үйү жана бизнеси жок экенин көрсөтүшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 1 жылда 734 573 сом 33 тыйын иштеп тапкан. Анда өз үйү, унаасы жана бизнеси бар экенин көрсөткөн эмес. Жакындары 434 940 сом 81 тыйын киреше табышса, 350 000 сом чыгаша кылышкан. 1 Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышат.

Каржы министри Адылбек Касымалиев 1 000 395 сомго иштеген. Ал дагы эч кандай мүлккө ээлик кылбайт. Жакындары 430 120 сом иштеп табышса, 574, 130 чарчы метр эки жер үлүшүнө, 1 чачтарач (аянты 97,8 чарчы метр), 1 кафетерий (31,9 чарчы метр), 1 үй (216,7 чарчы метр) жана Тойота Прадо, Дайхатсу Териос деген эки унаага ээ экен.

Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Турдуназир Бекбоев 2015-жылы 126 680 сом киреше тапкан (2015-жылдын 5-ноябрынан бери министрлик кызматта). 5 гектар токой чарба жерин ижарага алып иштете турганын көрсөткөн. Жакын туугандарынын 6 сотук жерде үйү, 61 чарчы метрди ээлеген батири, 65, 27,6 чарчы метр эки жер үлүшү жана 5 гектар токой чарба жери бар.

Экономика министри Арзыбек Кожошев да үйү, унаасы, жеке бизнеси жок болгону менен, 718 878,45 сомго иштеген. Жакындары 311 713,1 сомго иштеп, 99,2 чарчы метр батирге, 400 чарчы метр жер үлүшүнө жана 1 унаага ээ (унаасынын үлгүсү көрсөтүлгөн эмес).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
nursultan.91
2016-07-21 12:15:47
Дарыядан бир тамчысын корсотконго.
+6
Aidai5555
2016-07-21 12:29:45
Өздөрүнө буюрсун. А биз бул жактан "оо, өлкөбүз, элибиз байып, жергебизде жашоо оңолуп жатат" деп сүйүнүп отура берели... )))))
+5
Pirimkul
2016-07-21 14:12:05
Каяктагы жомок го булар тотоко потоко дешип олумууш болуп.
+3
ekaterinburg
2016-07-21 14:19:56
Super.kg азаматсынар!Чындыкты айтканынар учун!
0
tynar92kg
2016-07-21 14:21:04
Жебей-ичпей тим эле эл учун кызмат кылган адамдарго... Мындай болсо КР тез эле онолот.
+1
nuri2605
2016-07-21 14:44:48
Ушулар калп эле олумуш болушатго
+4
Bahira
2016-07-21 14:46:47
Окуп алып чынын айтсам ыйлагым келди,мынча сумма бул жакта турсун балдарыма памперсти титиреп зорго алам жада калдса ооруп калсак даары дармеке акча жок ичи дардыбыз ичинде
+7
KUMKA
2016-07-21 14:54:37
ии бечаралар..Кедейдин тукумдарынанго сыягы...Обедте пирожки жесе керек...боорум ооруп кетти байкуштарды коруп...10 жылдык, 20 жылдык бутуруучулор жетишпеген уйу жокторго уй салып берип жакшы саамалыктарды башташкан...келерки жылы кайсыл министрдин уйу жок болсо соопчулукка ошол "Кедей"министрге уй салып берууго чакырып кетем..
+8
tashi62
2016-07-21 16:03:17
Байкуштар ачкадан өлбөсөңөр эле.
+3
tynkatar03
2016-07-21 17:17:48
Кедей кембагалдар жалан!!!
0
Mirkgz-1990
2016-07-21 17:55:42
Алысыраак туугандары бутуна туруп жатышса керек булардын... Айыл чарба министири 10 миңден эле айлык алабы эмне
+2
Oreanda
2016-07-22 01:46:55
Аябай эле бечара болушканго
0
Kroxa
2016-07-22 09:57:43
А байкуштар аз аз дагы кобуроок жегиле элден..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан