Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 15 миллиард 464 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 984 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 222 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 174 миллион куб метр суу бар болчу.