Айыл чарба жана мелиорация министри: Пайдаланылбай калган айдоо жер аянттары 110 миң гектардан 82 миң гектарга кыскарды

Акыркы үч жыл ичинде пайдаланылбай калган айдоо жер аянттары 110 миң гектардан 82 миң гектарга кыскарып, түшүмдүүлүк жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымат жыйынында билдирди.

"Дыйкандар жерди иштетүүнүн ыкмаларын үйрөнүп калышты. Алдыда мал чарбачылыгына, талаачылык жумуштары үчүн жеңилдиктерди түзүү максатында насыя алууну мерчемдеп жатабыз. Мындан ары жеңил типтеги күнөсканаларды иштетүүнү жакшыртабыз. Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө товарларды экспорттоону дыйкандарга жеткирип, сапаттуу түшүмдү камсыздоону айтып жатабыз", - деп кошумчалады министр.

Ал эми көп жылдык мөмө-дарактарын тигүү максатында Айыл чарба министрлиги дыйкандар менен биргеликте иш жүргүзүп жатканы туурасында айтылды.

"Жашылча-жемиштерди бүгүнкү күндө Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө сатып жатабыз. Жакында Кытай өлкөсүнөн жашылча-жемишти сатып алууга сунуш келди. Алдыда Сауд Арабия өлкөсү эт, сүт азыктарын сатып алууга кызыкдар экенин билдирди. 2015-жылдын 6 айында дыйкандарга 2,4 миллиард сом насыя берилсе, 2016-жылдын 6 айында 2,6 миллиард сом насыя берилген", - деп кошумчалады Бекбоев.

Маалыматка ылайык, быйыл 18 сом 80 тыйындан азык берүүчү селитра алынып келинип дыйкандарга берилген. Ал эми кылкандуу дан эгиндеринен өткөн жылдын 6 айлыгына салыштырмалуу түшүм көп өндүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан