Бүгүн, 21-июлда саат 11:29 чамасында Алай тоо кыркаларында 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, күчү Бор-Дөбө айылында 5, Нурада 4, Кара-Киндикте 4-4,5, Сары-Таш айылында 3,5 баллга сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы акыркы маалыматтарга таянып: "Алайдагы бүгүнкү 5,5 баллга жеткен жер силкинүүдөн жаракат алгандар жана кыйроолор болгон жок. Бул биздин адистердин берген акыркы маалыматы", - деп билдирди.
Июнь айынын аягында да аталган аймакта 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан жаракат алгандар жана кыйроолор болгон эмес.