Ош шаардык мэриясы жылдын 6 айлык жыйынтыгында Социалдык фонддун төлөмдөрүн 54 миллион сомго көп чогултту

Ош шаардык мэриясы жылдын 6 айлык көрсөткүчү боюнча маалымат берди. Анда маалым болгондой, Социалдык фонддун төлөмдөрү 6 айда 54 миллион сомго көп чогултулду.

Бүгүн, 21-июлда Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, аткарылган иштер боюнча өткөрүлгөн жыйында өнөр жай азыктарын өндүрүүдө ишканалар I жарым жылдыкта 1 миллиард 654 миллион сомдук продукция өндүргөндүгү айтылды. Ал эми 2015-жылы ушул эле тармактан жарым жыл аралыгында 1 миллиард 642,3 миллион сомдук өнөр жай азыктары өндүрүлгөн.

Ал эми Социалдык фонд тармагы боюнча Ош шаарынын вице-мэри: "Камсыздандыруу салымдарын ишке ашырууда 605 миллион сомдук план аткарылды. Каражат берилген пландан 54 миллион сомго көп чогултулду", - деп билдирди Замирбек Аскаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан