Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда өткөн жолугушууда КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев үч жыл ичинде 74 миң бала аз камсыз болгон абалдан чыгарылганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
“Эгерде 2013-жылы биз республикадагы балдардын 18 пайызына жөлөк пул берсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата жөлөк пулга муктаж болгондордун саны 12 пайыз көрсөткүчүнө түштү. Демек, 362 миң бала болчу, азыр 287си калды”, - деп кошумчалады ал. Министрдин айтымында, жөлөк пулдун өлчөмү 37 пайызга өсүп, жөлөк пул алыш үчүн кирешенин өлчөмү 80 пайызга жакын көтөрүлгөн.
Маалыматта белгиленгендей, жолугушууга калктын аяр катмарларынан 100дөн ашуун киши катышкан.