“Айчүрөк” базарынын ордуна көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жай курулат

“Айчүрөк” базарынын ордуна көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жай курулары тууралуу бүгүн, 21-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Мэриянын маалыматы боюнча, бул маселе тууралуу базардагы ишкерлер менен шаардын вице-мэри Бакыт Дүйшөнбиев сүйлөштү. Базардагы ишкерлердин арыз-муңу боюнча мэрия мындай иштерге кийлигише албастыгын билдирген. Мэрия ишкерлерди колдоо максатында Жогорку Сотко кайрылганы менен, канааттандырарлык чечим чыгарылган эмес.

Белгилей кетсек, “Айчүрөк” соода борбору жана анын артындагы базар “ЦУМ” ачык акционердик коомуна тиешелүү, демек, жеке менчик. Андыктан Муниципалдык мүлк башкармалыгы курулуш иштерин токтото албайт, себеби ишкерлер ижарага берүүчүлөр менен келишимди башынан эле өздөрү түзүшкөн. Алардын келишими автоунаа токтотуучу жайдын курулуш иштери башталган күнгө чейин түзүлгөн.

Өз кезегинде “ЦУМ” ачык акционердик коому мэрияга иштин башталышынын жана жүрүшүнүн графигин берди. Ага ылайык, автоунаа токтотуучу жайдын курулуш иштери 2016-жылдын 1-октябрында башталат.

Бишкек башкы архитектурасынын кеңешинде борбордук универсалдык "Айчүрөк" дүкөнүнүн реконструкциясы жана анын артындагы базардын ордуна салынчу көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жайдын эскиздери көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан