Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-июлда учак менен Жер шарын айланып чыгууну пландаган кыргыз учкучу Союзбек Салиевди кабыл алды.
Бишкектен учуп чыгуу үстүбүздөгү жылдын август айынын башталышына пландаштырылып, жалпысынан 26 мамлекетте болуу – Араб чөлдөрүн, Ариканск саванналарын, Бразилия токойлорун, Амазонка дайрасын жана башка аймактарды басып өтүү күтүлүүдө. Жалпысынан 47,6 миң чакырымга учуу максаты коюлган.
Премьер-министр учкучтун демилгесин патриоттуулук катары баалап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен 26 өлкөнү учак менен ийгиликтүү кыдырып чыгууну каалады жана учууну ишке ашырууга өкмөт тийиштүү колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жээнбеков учкучка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин тапшырды, учкуч аны дүйнө жүзү боюнча жасалчу саякатында жанында алып жүрмөкчү.