Малайзиялык мугалимдерден англис тилин үйрөнүп жаткан окуучулар Ысык-Көлгө кеме менен саякатка чыгышты

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган Ысык-Көлдө окутуу программалары учурда өз нугу менен уланууда. Бүгүнкү программага ылайык, окуучулар кеме менен көл үстүндө саякатташты. "Адилет" аталышындагы 75 кишилик кеме балдарды жээктен 12 чакырымга чейин алыстатып, тереңдиги 300 метр жерге алып барды. Аба ырайы өзгөрүп, жамгырдын себелегени иш-чаранын катышуучуларынын маанайын түшүрө алган жок. Кемеде үн күчөткүчтөр аркылуу окуучуларга Ысык-Көл тууралуу кенен маалымат берилип, жаратылышты коргоо, сүйүү, таза сактоо ар бир адамдын ыйык милдети экени айтылды. Көлдүн көрүнүшүндө сүрөткө түшүп, бийди сүйгөндөр катыра бийлеп, көлдө сүзгөнгө да үлгүрүштү.

Түшкү тамактануудан соң окуучулар үчүн англис тилинде баарлашуу, көл жээгинде сабак өтүү, оюндар каралган.

Аталган долбоор 20-июлда башталып, малайзиялык мугалимдер менен окуучулардан турган топ КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен биргеликте президент Алмазбек Атамбаев окуган Арашан айылындагы мектепке барышкан соң Ысык-Көлдү көздөй сапар алган.

Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kukunana
2016-07-22 15:33:03
Кайсылары Малайзиялыктар? Биздикилерден айырмасы жок го???
0
beka1207
2016-07-22 15:41:37
kukunana,кандай айырмасы болуш керек эле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан