Америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес бүгүн, 22-июлда 24 жашка толду. Ал 1992-жылы АКШнын Техас штатындагы Гранд-Прейри шаарында туулган.
Селена Гомес италиялык Мэнди Корнетт менен мексикалык Рикардо Гоместин кызы. Мэнди менен Рикардо кызы 5 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Театрда актриса болуп эмгектенген апасы кызын жалгыз тарбиялаган. Селена 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” мультсериалына тартылып калган. Мындан кийин дагы “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя”, “Ханбийкелерди коргоо программасы”, “Ханна Монтана”, “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.