Кытай Эл Республикасынын премьери дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүгө чакырды

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүнү бардык өлкөлөрдү колдоого чакырды. Бул тууралуу орусиялык "ТАСС" агенттиги жазып чыкты.

Дүйнөлүк экономиканын тез арада өсүүсүн камсыз кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жана кеңештерди талкуулоо максатында Пекинде бүгүн, 22-июлда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким, Эл аралык валюталык фонддун бөлүштүрүү директору Кристин Лагард, Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Роберту Азеведу, Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гаем Райдеро, Өнүгүү жана экономикалык кызматташуу уюмунун башкы катчысы Хосе Анхеле Гурриа, Каржылык стабилдүүлүк боюнча кеңештин төрагасы Марком Карнилер менен жолугушуу өткөрдү.

“Бардык мамлекеттер күчтүү, бир калыптагы глобалдык экономиканы калыбына келтирүүгө көмөктөшүүсү зарыл. Бул баарыбыз иш алып баруучу багыт”, - деди Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери.

Ошону менен бирге Кытай өкмөтү Кытай Эл Республикасынын экономикасын стабилдүү өсүштө кармап турарын, бул үчүн өлкөдө бардык механизмдер бар экенин кошумчалады.

Кытай юандын стабилдүү курсуна жетишти. Биз эл аралык коом алдында өз милдеттерибизди так аткарып, соода жана каржы согуштарына катышпайбыз”, - деп сөзүн бүтүрдү Ли Кэцян.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан