Жалал-Абад облусунда 600 гектар жерде жапайы кара куурай өсөт (фото)

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 600 гектар жерде жапайы кара куурай өсөт. Анын ичинен Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылында 4 гектарга чукул жапайы кара куурай өскөн жерлер бар. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы 22-июлда билдирди.

Аларды жок кылуу үчүн атайын Базар-Коргон РИИБинин өздүк курамынан, Сейдикум аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринен жана элдик кошуундун мүчөлөрүнөн жумушчу топ түзүлүп, кара куурайларды күйгүзүп жок кылуу иштери жүргүзүлдү.

Ошону менен бирге милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү ар бир үйдүн айланасын көзөмөлдөп, үй ээлерине эскертүүлөрдү берип, кара куурайды жок кылуу иштерин жүргүзүүдө. Жасалып жаткан тазалоо жумуштары баңгиликке каршы күрөшүү жана алдын алуу иш-чараларынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-07-22 23:19:55
Ачык реклама. Келип терип кеткиле.
Өрттөп жаткандар эч нерсе болбойбу ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан