Медициналык академиянын ректорлук кызматына Индира Кудайбергенованын дайындалышына коомдук бирикменин мүчөлөрү каршы чыгышууда

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиянын ректорлугуна Индира Кудайбергенованын дайындалышына "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү каршы чыгып, маалымат жыйынын өткөрүштү.

"Шайлоодо үчүнчү орунду алган Кудайбергенованын ректор болуп дайындалышы - акыйкатсыздык. Ал адам кызматка татыксыз болчу. Өкмөттүн бул чечими миңдеген шайлоочуларды сыйлабастык", - дейт Кубан Шаршембаев.

Бирикменин мүчөсү Айчүрөк Камаева: "Азыркы шайланган Индира Кудайбергенова деген айым убагында "Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева менен досмун" деп көкүрөк кагып жүрчү. Мен ойлойм, азыркы бийлик көзүн ачып, ректорлук кызматка татыктуу адам коёт деп. Индира Кудайбергенова Бакиевдер менен иштешип жүргөн адам".

Белгилей кетсек, 20-июлда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук медициналык академиянын ректорлук кызмат ордуна Индира Кудайбергенованы дайындаган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз улуттук мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо болуп, 185 добуш менен Ишенбек Сатылганов алдыга чыкса, 162 добуш менен Доктурбек Адамбеков кийинки орунга чыккан. Ал эми 7 талапкердин ичинен жалгыз талапкер аял Индира Кудайбергенова 136 добуш алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
kani-esen
2016-07-22 15:05:48
Бакиев менен иштешкендерди айдасан кыргызстанда эчким калбайт. Баары иштешкен.Атамбай баш болуп
+2
no.comment
2016-07-22 15:17:20
Мен убагында Акжол партиясы учун добуш берген элем, эми эмне кылсам болот?
-1
Aitunuk
2016-07-22 15:27:59
Эгерде Кудайбергенова Бакиева менен дос болсо, ал медик катары эмес, адам катары мамиледе болсо керек. Бул жерде анын илимге, медицинага кошкон салымы эске алынды го. Экөө эки башка нерсе. Сабатсыз адамдар чогулуп алышып, өзүлөрү компетенттүү болбогон тармакка караөзгөйлүк кылууларына жол бербөө керек. Ушул тармакта иштеген, анын кандай медик, илимпоз экенин билген, татыктуу эмес экенин (адис, педагог) далилдей алгандар чыкса ишенсе болот. Бардык жерге "затычка" болуунун кереги жок
+5
bom.bon
2016-07-22 15:30:48
Азыркы бийлик деле баары Бакиев менен иштешкен.
+4
Aitunuk
2016-07-22 15:42:07
Бүгүнкү күндө КГМА эмес, КНМУ болуп калган. Мурдагы ректор А.Зурдиновду ушул шылтоо менен арыз жаздырып кетиришкен.
+1
aidartegin
2016-07-22 15:55:57
Aitunuk,Кайсы фактыга таянып айтып жатасын КНМУ болду деп....Жон эле чыгармачыл боло бересинерби!
+2
Aitunuk
2016-07-22 18:23:05
aidartegin, 25 мая 2016, 11:40
Инициативу депутатов СДПК поддерживает коллектив КГМА

00000
24 мая перед главным корпусом Медакадемии Кыргызстана имени И.К.Ахунбаева прошло общее собрание коллектива с участием преподавателей, сотрудников и студентов – всего около 3 тыс. человек–вуза. На нём были обсуждены текущие вопросы, в том числе, вопрос о проекте Закона «О высшем и послевузовском медицинском образовании», инициированный отдельными депутатами от фракции СДПК в парламе
0
Aitunuk
2016-07-22 18:26:33
aidartegin, (уландысы)парламенте страны. Также был обсужден вопрос о переименовании КГМА в «Кыргызский Национальный медицинский университет имени И.К.Ахунбаева».
Участники собрания по данным вопросам приняли соответствующие резолюцию. В ней, в частности, говорится: Обсудив текущие вопросы вуза общее собрание коллектива с участием студентов, преподавателей и сотрудников Медакадемии Кыргызстана имени И.К.Ахунбаева постановляет:
0
Aitunuk
2016-07-22 18:28:39
aidartegin,Поддержать инициативу депутатов фракции СДПК в ЖогоркуКенеше о принятии Закона Кыргызской Республики «О высшем и послевузовском медицинском образовании»;
2. Поддержать инициативу ректора КГМА о преобразовании вуза в «Кыргызский Национальный медицинский университет имени И.К.Ахунбаева».

Это версия страницы https://[moderated]/news/83508-iniciativu-deputatov-sdpk-podderzhivaet-kollektiv-kgma.html
0
Aitunuk
2016-07-22 18:35:58
aidartegin, жогоркү маалыматты окудуңуз го дейм. ХХХ ХХХ ХХХ
0
aidartegin
2016-07-22 20:27:56
Aitunuk,Инициативу депутатов СДПК поддерживает деп турат..Бирок токтом кабыл алып, бекитип беришкен жок да Мусулман бир тууганым.Ал эми сиз Бүгүнкү күндө КГМА эмес, КНМУ болуп калган деп жатасыз.Бугунку кундо КММА бойдон калды...
0
admin_portal
2016-07-25 13:11:20
Aitunuk, темадан алыстабаңыздар! Жеке билдирүүлөр купуяга!
0
Rifle_S
2016-07-22 23:16:46
КЫРГЫЗ УЛУТТУК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯ болот деп чыгышкан А.Зурдинов. Азырынча официалдуу атала элек.
0
sibiryak
2016-07-22 15:50:19
Жакында Айкол Ала-Тоо Бакиевди шайлаган силерсинер деп элди Кыргызстандан айдап чыкпаса болду.
+4
aidartegin
2016-07-22 15:54:19
Убагында Примерин да иштешкен .....Бакиевин менен
+3
ofcourse
2016-07-22 20:25:30
Баары эле акеев бакиев мн да иштеген
+1
bek.kgz
2016-07-22 20:27:55
Элдин пикирин сыйлабастык??? Алар мындай нерсени тушунушпойт...
-1
Bahira
2016-07-22 20:30:03
Дамдырап эле чыга беришет экенда
+3
Rifle_S
2016-07-22 23:18:31
Анегдотту билесиңер да. Кыргыз зымдандан эми тырмышып чыгып баратса, экинчи кыргыз тартып түшүрүп алганын. Бул нерсе биздин каныбызда бар, ал көрө албастык.
0
take19
2016-07-22 23:29:48
"Айкол Ала-Тоо" уюмунун мучолору ар кайсы ишке мурдунарды сайып атынарды булгабагылачы.
+1
anyshka
2016-07-23 00:02:53
take19, Буларда бир чындыкты билген учун чыгып жатышатда. Эмне учун аз добуш алган адам ректор болуп калат? Кыргызстанда коп нерсе адилетсизадилетсиз
0
anyshka
2016-07-23 00:03:01
take19, Буларда бир чындыкты билген учун чыгып жатышатда. Эмне учун аз добуш алган адам ректор болуп калат? Кыргызстанда коп нерсе адилетсизадилетсиз
+2
Frunze74
2016-07-23 02:47:58
Эмнеге шайлоодо учунчу орунду алган талапкер ректор болуп дайындалды, 1- жана 2-адамдар медицинага салым кошуп эмгек синирбеген, медицинага жат адамдар беле?! Тушундуруп берээр бироо жарым барбы?!

Ал эми Айкол Ала-Тоо уюму бийликтин Мотуеви, ага конул буруп кереги жок. Алар лучше Чубактын кунундай узарып барып эч нерсени чечпеген апрель окуясын териштирип алышса болмок, Мотуев, Жириновский, Трампка окшошпой...
+2
Frunze74
2016-07-23 02:57:15
Бакиевдин доорунда "убактылуулардан" Отунбаева элчи жана депутат, Текебаев спикер, Атамбаев Окмот башчы болуп иштешпеди беле, анда эмнеге Айкол Ала-тоо булардын отставкасын талап кылбайт? Жанторо Сатыбалдиев, Бабанов, Сооронбай Жээнбеков ж.б. да Бакиевдин доорунда майлуу-суттуу кызматтарда эмес беле бугункудой, аларды эмнеге айтпайт? Деги эле аларга элдин атынан суйлогонго ким укук берди?! Алардын туугандарынын каны тогулгон революция элди суйунткон жери жок, кайра жашоо артка кетти.
+1
RaHat19
2016-07-24 06:38:14
мугалимдер шайлаган ишенбек агайды койгула.Аны менен муглимдер иштейт.Премьер туура чечсе болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан