113 миллион сом сарпталып 8 жылдан бери бүтпөй келген Талас облустук драма театрынын курулушун бүткөрүү үчүн дагы 65 миллион сом керектелет

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июлда Талас облусундагы бир күндүк иш сапарынын алкагында К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, курулуш-монтаждоо иштери 2008-жылдын июль айында башталган. Курулуш иши башталгандан тарта бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы 113 миллион сомду түзөт.

"Бүгүнкү күнгө карата иштин 75 пайызы бүткөрүлгөн, аны жыйынтыктоо үчүн болжол менен 65 миллион сом керектелет", - дейт Мамбетов.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, президент тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылы катары жарыялануусунун алкагында бардык маданий объектилер, анын катарында Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын курулушу жыйынтыкталууга тийиш.

Өкмөт башчы Турдубек Мамбетовго аталган облустук театрдын курулушунун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков андан соң Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Турдубек Мамбетов маалымдагандай, аталган мектеп 375 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери 2018-жылы аяктайт. Ал белгилегендей, быйыл Талас облусунда төрт социалдык объектини пайдаланууга тапшыруу пландаштырылууда. Анын ичинде эки мектеп К.Медетбеков атындагы драма театры жана калкты таза суу менен камсыз кылуучу суу тазалоочу жайы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
guljigitt
2016-07-22 16:12:19
Кудайым кыргыз учун жанымды берем деген хан берсе экен. Ушул акчалар 2эсе чыгып кетсин ким жеседа
+3
Rasul1987
2016-07-22 16:47:10
guljigitt,Оомин.
+5
Rifle_S
2016-07-22 23:13:14
guljigitt,
ОООМИН :)
0
B.B.Sadykov
2016-07-22 17:22:50
179 миллионго 2 чоон драма театр куруп берем. Ремонт эмес Жаны кылып.
+4
Frunze74
2016-07-22 17:30:55
113млн сом (113/49=2,3млн $) жана 65млн сом (1млн$ баары 3,3млн $) Бул акчага кеминде 2-3 драма театр салса болот го, экинчиден драм театрларга эл барбай калышты бекер болгон кундо да, ал жерге ырчылар концерт коюп барышат. Ошол акчаларга бала бакча, мектеп салышса пайдасы кобуроок болмок. Бизде чондор эптеп жеш керек, райондук акимият, архитекторлор, ж.б. ж.б. базарда мыктын 1кг 100с турса (мисалы) 300сомго алынды деп корсотот, 10тонна цемент керектелсе 40тонна кетти деп жазышат.
+2
bek.kgz
2016-07-22 17:49:33
Баштарына урабы таластыктар театрды анын ордуна Таластын мектептерин ондошуп беришсе... Балдар кышкысын тондору менен отурушат сабакта...
+4
Kainar20
2016-07-22 21:16:45
bek.kgz,таластыктар тиятырды баштарына урбайт маданият жаатын онуктуруш учун курулуп жатат ал еми мектепке келсек мектептер жакшы еле бардык айылда мектеп жетишту
0
Rifle_S
2016-07-22 23:14:30
Kainar20,айылдарда бүтпөй жаткан мектептер толтура. Бала бакчалар жетишпейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан