SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сайттан таанышып үйлөндүк" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Мен 2013-жылы социалдык түйүндөрдүн биринен жубайым менен таанышып калдым. Ошол мезгилде ал Жалал-Абадда ата-энесинин жанында болчу, мен Бишкекте. Бир күнү апасын борборго ооруканага алып келип калды. Ошондо экөөбүз кезигип, жакындан тааныштык. Кийин кыз өзүнүн белинде грыжасы бар экенин, ар алты ай сайын келип дарыланып турарын айтты. Ал келген кезде мен анын жанынан чыкпайм, ал күндөр мен үчүн өтө бактылуу мезгилдердин бири болуп сезилчү. Экөөбүз көпкө чейин сүйлөшүп калгандан кийин мен ата-энемди кызга сөйкө салып келгиле деп, атам тааныбаган Жалал-Абадга жибердим. Кыздын ата-энеси жакшы кабыл алып, сөйкөнү салып, тойду 20-августка белгилеп келишти.
Тойго аз калганда ал кыздын мага чейинки жигити тууралуу сөз болуп калып, "ал сени сүйгөн эмес экен, сүйсө сага үйлөнмөк" деп айтканыма "Анын сүйгөн-сүйбөгөнүн сен кайдан билмек элең?" деп телефонду өчүрүп койгону мени өтө капалантты. Менин ага болгон көңүлүм бузулуп, аны менен сүйлөшкүм келбей калды. Ата-энеме "той болбойт, мен үйлөнбөйм" дедим. Бирок алар мени үйлөнүүгө көндүрүштү, кыз да кечирим сурады. Белгилегендей эле той болуп өттү...
Чогуу жашап калганда мен аны өтө катуу сүйөрүмдү билдим. Бирок ар кандай учурлар болуп, мен ага кол көтөргөн күндөрүм да болуп калды. Мен андан кечирим сурап, дагы деле чогуу жашайбыз. Бир күнү түн ичинде жубайым уктап жатып түшүндө мага чейинки жигитинин атын айтып жөөлүп кирди. Ошол мезгилде менин ачуум келип, тумшугунан ары бир соккум келди, бирок өзүмдү кармадым. Ортобузда кызыбыз бар. Жубайым мени канчалык сүйөрүн айтып турса да мен ал сөздөрүнө ишенбейм. Мени сүйбөйт деген ой такыр кетпей койду. Ошол себептен менин да ага болгон сезимдерим солгундап бара жаткансыйт". (Окуя кыскартылды)
Темага жазылган билдирүүлөр:
"Сабырдуу болуңуз, уруш-талашсыз жашоо болбосо керек. Менин таякем менен жеңемдин ортосунда көп чыр-чатак чыкчу, көп жылдан бери сонун жашап келатышат. Буюрса, сиздер да бактылуу болуп, көп уул-кыздардын ата-энеси болуп, чогуу картайып, балпайган карыялардан болосуздар деп ойлойм. Кечиримдүү болуңуз, ишеничиңизге киргизе албай жаткандайсыз, аялыңыз дагы эле ошол жигитин сүйөбү деген шектенүү сизде күч окшойт. Ал деле жаштык кылып тоок сүйүүгө учураган да, сиз деле аялыңызга чейин кыз сүйүп, бойдокчулукта романтик болуп чуркасаңыз керек. Бул көрүнүш бардык эле бойдок жаштардын башынан өтсө керек. Өзүңүздү алып кача бербей, аялыңызга жакындап, сырдашып, жашоону уланта бериңиз. Баары өтүп кетет, сиз шектенбей аялыңызга ишениңиз".
"Билбейм, бирок качанга чейин көзүн карап жашайт. Көзүн караган сайын аял киши эркектин чокусуна чыгып алат. Аялыңыз менен ачык сүйлөшүп көрүңүз, жакшылап чечишкиле. Уруш-талаш болгон үйдө береке болбойт".
"Ар бир адам ислам динин тутуп жашаса мындай жагымсыз окуялар азыраак болмок".
"Сүйүктүү аялыңыз бар экен, шүгүр деп эле жашай бербейсизби? Качан ажырашып, андан башкасына үйлөнгөн соң кайткыңыз келгенде кеч болуп калат. Ачык эле сыр чечишип сүйлөшкүлө. Сиз дагы сүйбөйт деп майдаланып жүрө берсеңиз, аялыңыздын көңүлүн суутуп аласыз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.